Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Бишкекте Россиянын Кыргызстандагы элчиси жана Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин катышуусунда россиянын буудай уну түрүндөгү азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болот.
Россиянын КРдагы элчилигинин маалыматына караганда, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.
Бул долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.
Пикир
Оставить комментарий