• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Россия ракеталарды жок кылуу тууралуу келишимди токтотту

Дүйнө 0

Бишкек. 05.03.19 /Кабар/. Россия 32 жыл мурун АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимдеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тартты. Тийиштүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын текстинде айтылгандай, мындай чечим «АКШ келишимдеги өз милдеттерин аткарууну бузганы үчүн» кабыл алынган. РФ Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу Вашингтонго кабарлашы керек. Путин кол койгон жарлык дароо күчүнө кирди.

Өткөн айда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россияны АКШ менен келишимди сактап калууга үндөгөн.

Столтенберг Вашингтон жакын арада бул келишимден чыгарын эскертип, аны сактап калыш үчүн Москванын колунда акыркы мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

Вашингтон 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу кол койгон бул келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тартып токтоторун жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий