• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош: 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкекке узатылды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шардын бардык кичи райондорунун тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, спортчулар, активисттер жана жаштар катышты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте облустук профсоюздун имаратынын жанындагы сейил бакта көчөт отургузду.

Калаа башчы өз сөзүндө КР Президентинин 2022-жылды “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык бак-дарактардын көчөттөрүн жапырт отургузууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“Бүгүн Ош шаарынын бардык кичи райондоруна боордош Андижан облусунан келген 10 миң түп павловниянын көчөттөрү отургузулду. Шаарды жашылдандыруу иштерине бардык каалоочулар катыша алышты. Эми жашылдандыруу эстафетасын Бишкек шаарына өткөрүп жатабыз. Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарына 35 миңден ашык бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат”, - деп билдирди мэр.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар шаардын жашыл имиджин өнүктүрүү жана экологиялык нормаларды жакшыртуу үчүн массалык түрдө бак отургузуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий