• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ош аэропортунан 100 миң швейцариялык франкты чыгарып бараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Ош шаарында жергиликтүү тургун чет элдик валютаны мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан нак чет өлкө валютасын мыйзамсыз алып чыгууга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "Ош" аэропортунан Кыргызстандын жараны 1999-жылы туулган Х.А.А. кармалды. Ал Кыргызстандан Россияга 99 миң 700 швейцариялык франк (9 миллион 835 405 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетүүгө аракет кылган. (КР Улуттук банкынын үстүбүздөгү жылдын 22-августуна карата маалыматы боюнча: 1 швейцариялык франктын кыргыз сомундагы баасы – 98,65).

Аталган факты боюнча материалдар КМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Маалымат үчүн: КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 "Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий