• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош аэропортунан зер буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Ош аэропортунда зер буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетине богот коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "Аэропорт-Ош" көзөмөл-өткөрүү пунктунда зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

“Стамбул-Ош” аба каттамы боюнча келген адамдарды паспорттук көзөмөлгө алуу учурунда, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Түштүк-Батыш Бажысынын контрабардага каршы күрөшүү жана бажы жол-жоболорун бузуу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын М.Ж. жана Өзбекстан Республикасынын Д.Т. аттуу жарандарынан жалпы салмагы 388,53 грамм болгон сары металлдан жасалган буюмдар (браслеттер – 4 даана, шакектер – 32 даана, сөйкөлөр – 22 даана, кулондор – 15 даана, жана шакектер – 24 даана) табылып алынды.

Учурда жогорудагы адамдар кармалып, тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий