• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Ноокат районунда аталган унаа жолдун 40,3 - 46,9-чакырымдарында жүрүүдө.

“Учурда жолдун аталган бөлүгү бак-дарактардан тазаланып, кеңейтилип, асфальттын эски катмары сыйрылып, шагыл төгүлүп, тегизделип, жаңы асфальт төшөө үчүн даярдалып жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий