Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды

Аймак 0


Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.

Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техникалар тарабынан уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.

Эскерте кетсек, 30-июнда селдин кесепетинен аталган жолдогу эки көпүрө жабыркап, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Пикир

Оставить комментарий