• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-майда, саат 18:00дөр чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн сайдан сел суулары келип, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 265-чакырымы кум-шагылга, сел калдыктарына толгон.

"Эки тараптуу убактылуу жабылган Ош – Баткен – Раззаков жолу саат 20:30да бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана тазалоо иштерине №3 жол тейлөө ишканасынан жана жергиликтүү бийликтен жалпы 2 техника тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий