Ош базарда чөнтөкчүнүн аракети видеого түшүп калган — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Ош базарда чөнтөкчүнүн аракети видеого түшүп калган.

Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 21-февралда О.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда 20-февралда Киев менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жаран арыз ээсинин пальтосунун чөнтөгүнөн 25 миң сомдук телефонун уурдап кеткени жазылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 39 жаштагы У.Б. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жогорудагы аталган жарандан жабыр тарткандар “102”, 0(704) 433-666, 0(508) 778-977 номерлерине кайрыла алат.

Пикир

Оставить комментарий