Ош базарындагы өрттү өчүрүү үчүн кошумча күчтөр тартылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Кабар/. Ош базардын аймагындагы өрттү өчүрүү жана куткаруу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүрөт.

ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 30-январында болжол менен эртең мененки саат 09:48 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Сейтек базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Өрттү өчүрүү үчүн 8 өт бөлүмү тартылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Мурда өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм тартылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий