• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.24. /Кабар/. Ош – Гүлчө – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел суусу Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Учурда №21 Жол тейлөо ишканасынан бир автожүктөгүч техникасы тартылып, жолдун 9-чакырымынан ылдый карай тазалоо иштери жүрүп жатат.

Андан сырткары, турак-жайлардын короо-сарайларына жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Учурда Кара-Суу району боюнча өзгөгө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамына жана Жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий