Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Ош шаарындагы кафеде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, мурдараак министрлик тарабынан Ош шаарындагы И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан Ак-Шумкар кафесинен өрт чыккандыгы кабарланган.
ӨКМден билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат 11:08де түшүп, өрт саат 11:38де чектөөгө алынган жана 12:28де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий