• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош: Калк арасында жаңы суу тосмо куруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ак-Буура дарыясына жакын жашаган конуштардын тургундарына жаңы суу тосмо куруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Данги участкасында Салкын айылынын жергиликтүү тургундарына жаңы суу тосмосун куруу жана 2,4 чакырым суу түтүгүн тартуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, экология боюнча эксперттер, тиешелүү кызматтардын адистери катышты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарды пландалган долбоор менен тааныштырып, эл тарабынан сунуштар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий