• 87
  • 90.58
  • 0.83

Ош: Кара-Кулжа районунун ички иштер бөлүмүндө “Ачык эшик” күнү өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кечээ, 28-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун ички иштер бөлүмүндө “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өткөрүлгөн иш-чарага жалпысынан 5 мектептен 162 окуучу катышты.

Өспүрүмдөргө курал-жарак, убактылуу кармоочу жай жана кылмыш, рекетчилик, ала-качуу кылмыштары боюнча кеңири маалымат берилген.

Иш-чаранын негизги максаты - мектеп окуучуларын жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу, мыйзамды сыйлоо, патриоттук сезимге тарбиялоо.

Пикир

Оставить комментарий