• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош: "Кароосуз калгандар" рейдинин жүрүшүндө 8 өспүрүм соцкоргоого алынды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында "Кароосуз калгандар" аталышындагы профилактикалык иш-чарасы аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 өспүрүм социалдык мекемелерге жайгаштырылды, оор шартта жашап, туруктуу билим ала албаган 32 өспүрүм тууралуу материалдар жыйналып, балдардын атайын комиссиясына жөнөтүлдү.

"Бул комплекстүү иш-чара Ош ШИИБ тарабынан Ош шаарынын аймагында өткөн жумада өткөрүлдү. Иш-чара учурунда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында башкармалыктын кызматкерлери, аймактык үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү, балдарды коргоо бөлүмдөрү менен биргеликте ондогон ири жолугушууларды, жеке маектешүүлөрдү өткөрдү. Кароосуз, оор социалдык шартта жашаган балдарды аныкташып, жергиликтүү социалдык жактан коргоо кызматтарына кабарлашты, окуу процессине жеткиликтүү көңүл бура албай калган өспүрүмдөрдү аныкташып, педагогдор, социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери менен биргеликте аларды көзөмөлгө алууну чечишти", - деп айтылат маалыматта.

Аталган ири-иш чара учурунда башкармалыктын кызматкерлери кароосуз балдардын чогула турган 117 жерлерди текшерүүгө алышты. Алар: жертөлөлөр, жылуулук түйүндөрү, интернет клубдары, үйлөрдүн чатырлары, кароосуз калган жайлар.

Анын натыйжасында 8 өспүрүм социалдык коргоо мекемелерине жеткирилди, 8 өспүрүм тилемчилик жасап жүргөн жеринен алынып келинип, алардын ата-энелери менен профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлдү. 52 жашы жетелек балдардын иштеп жүргөндүгү аныкталды. Балдар комиссиясына кароо үчүн 32 материал жөнөтүлдү.

Рейддин жүрүшүндө көп кабаттуу үйлөрдүн башчылары (домком) менен биргеликте анын жашоочуларына ал үйлөрдүн чатырына чыгуучу жайлардын жабылып туруусун көзөмөлдөө, өспүрүм балдардын эс алуу, ойноо үчүн чыгуусуна жол бербөө, тынымсыз көзөмөлгө алуу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий