• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жылдын мыктысы аталды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкекте 2-октябрда “Жылдын мыкты студенти — 2021” кароо сынагынын жыйынтыктоо аземи болуп, анда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери жеңишке ээ болушту.

Аталган университеттен билдиришкендей, “БОБЕК” улуттук кыймылы Эл аралык студенттер ассоциациясы жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Кыргызстандын мыкты студенти — 2021” аталышындагы таланттуу жаштардын китеп коллекциясын чыгарууга өлкөбүздөгү ЖОЖдордун студенттеринин арасында сынак жарыялаган.

Аталган сынакка Кыргызстандагы ЖОЖдун студенттери катышкан. 12 августтан 5-сентябрга чейин сынакка катышуучуларды кабыл алуу жүрүп, жыйынтыктоочу бөлүгү борбор калаанын Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун китепканасында өттү.

Сынакка университеттен Давыт Эргешбай уулу, Жылдызкан Баатырбек кызы, Айгерим Өсөрбек кызы, Буниса Советбек кызы, Жыпаргүл Эркебаева, Бакытбек Камчыбеков катышып, 2-даражадагы диплом, төш белги жана тастыктоочу күбөлүккө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий