• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ош мэри бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардагы бейөкмөт уюмдардын, коомдук фонддордун өкүлдөрү жана активисттер менен жолугуп, шаардагы көйгөйлөрдү талкуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда анда алгач бейөкмөт, коомдук уюмдар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, аткарган долбоору жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат беришти.

Алмаз Мамбетов бейөкмөт уюмдардын жана активдүү жарандардын Ош шаарындагы көйгөйлүү маселелерди айтып, социалдык- экономикалык жактан өнүгүүсүнө, шаардык мэриянын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымын белгилеп, алар менен ар тараптуу, тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Ош шаарынын мэриясы менен бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун кызматташуусун жандандыруу, шаардагы негизги көйгөйлөр, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, оор турмушта жашаган үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга түзүлгөн шарттар, аялдардын укугу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу, муниципалдык кызматтар менен муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишмердүүлүгү, жаштарды колдоо, билим берүү мекемелериндеги билимдин сапаттулугу, туризмди өнүктүрүү, гендердик теңчиликти сактоо жана башка бир топ маселелер каралып, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Жыйынтыгында шаар жетекчиси Алмаз Мамбетов айтылган бардык маселелер боюнча жооп берип, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен мындан ары да жолугушуулар уюштурулуп турат деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий