• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ош мэри жаштар менен жолукту

Аймак 0

Ош, 14.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети “Биргеликте бир күн” аттуу достук кече өткөрдү.

Жаштар менен жолугушууга мэр Айтмамат Кадырбаев дагы катышып, алардын эс алуу шарттары менен таанышып, алар менен шахмат ойноп, айрым элдик ырларды аткарды. Өз кезегинде активисттер мэрге суроо беришип, өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү.

Өз сөзүндө шаар башчысы массалык-маданий иш чаралар мекенди сүйүүгө, спорттук жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө түрткү берээрин белгиледи.

100дөн ашык жаштарга йога, бий, сууда сүзүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, интеллектуалдык достук кече мэриянын жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий