• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Бүгүн Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Муфтияттан билдиришкендей, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош– Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

"Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда Жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын", - деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган Ош - Ноокат жолунда бир канча жолу сел жүрүп, айрым жерлерде үйлөргө чейин сел каптап, оор жоготууларга дуушар болушкан.

Пикир

Оставить комментарий