Ош-Ноокат жолунда таштандылар башаламан ташталган, вице-мэр маселени жеринде карады

Аймак 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Ош-Ноокат жолундагы жолдун оң тарабына таштандылар башаламан ташталган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев башаламан ташталган таштандыларды иретке келтирүү маселесин жеринде карап чыкты.

"Бул аймакта ыргытылган таштандыларды бир жумада тазалоо талабы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына коюлду. Ошондой эле жайыт комитетине тиешелүү мындагы жерлердин жеке жактарга өтүп кеткендиги боюнча маалыматтарды тактоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий