Ош облустук ат майданын оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.06.23. /Кабар/. Ош облустук ат майданын оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев ат майданды оңдоп түзөө боюнча тендерди утуп алган компаниянын өкүлдөрүнө жана тиешелүү кызмат жетекчилерине курулуш иштеринин сапаты, куруулушту бүткөрүү мөөнөтү жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Ал ипподромду реконструкциялоо Кыргызстандын эл аралык стандарттарына жооп берген заманбап инфраструктураны жана спорттук жайларды түзүүгө багытталган приоритеттүү долбоор экенин баса белгилеп, ат оюндарына келген коноктор үчүн жакшы шарттарды түзүү, унаа токтотуучу, тамак-аш жасоочу жана тамактануучу жай сыяктуу башка зарыл чараларды көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Бул иштердин максаты ат сүйүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата ат оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий