• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облустук милициясынын жетекчилиги 83 жаштагы ардагерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул жолу жетекчилик 83 жаштагы ардагер Зулун Тургунбаев менен маектешип, ал акыбалын сурап кайтышты. Ардагер 1941-жылы Араван районунун Чек-Абад айылынын Агроном участкасында жарык дүйнөгө келген. Ал мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, жогорку окуу жайды Ленинграддан жана Карагандыдан бүтүргөн.

Зулун Тургунбаев алгач 1966-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгына жумушка орношкон. Жубайы Раат Тургунбаева менен 1 уул 5 кызды тарбиялап, өстүрүшкөн. Ал кызмат өтөгөн жылдары бир топ тайгак кечүү, тар жолдорго туш келген учурларды тизмектеп айтып отуруп, ошол учурдагы милиция менен азыркы милициянын ишмердүүлүгүн салыштырып өттү. Бир топ өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда колдонгон ыкмаларды айтып берип, учурдагы милиция аткарып жаткан иштерге да баам салып тургандыгын баса белгиледи. Айрыкча акыркы 3 жылда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны азайып, өлкө боюнча бир топ имараттар курулуп, жаңы заманбап техникалар алынып, коомдук жайларга жүздү таануучу видеокамералар орнотулуп, аймактык тескөөчүлөр бодикамера, планшеттер менен камсыз болуп жатканын көрүп, ичи жылыганын айтып берди.

Ардагер келечекте кылмыштуулуктун аты жоголуп, жаштар билимдүү, ыймандуу жана жакшы кулк мүнөз менен өсүп жетилип, келечекте өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошооруна чоң ишеним менен тилек кылат.

Пикир

Оставить комментарий