• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Ош облустук ооруканасына заманбап жабдуулар алып берилди

Коом 0


Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Ош облустук ооруканасына заманбап жабдуулар алып берилди. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы наркы 2 млн 763 миң сомду түзгөн, заманбап санариптик рентген SONTU 100 POR-1 аппараты жана сметалык баасы 255 974,4 сомдук MERCURY жана 330 стоматологиялык жабдуулары алып берилди.

жПрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев ооруканага барып, жабдуулардын иши менен таанышты.

Облус жетекчиси дарыгерлер менен баарлашып, жаңы алынган жабдуулардын жардамы менен бейтаптардын дартын аныктоо жакшырып, аларга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүү мүмкүн болоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий