• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусу боюнча 134 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош облусунун аймактарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июнда КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.

Жалпы Ош облусу боюнча 51 365 чарчы метр аянт жер, 134 000 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланды.

Пикир

Оставить комментарий