• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ош облусу менен Алтай Республикасы бир нече тармак боюнча кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Ош облусу Алтай Республикасы бир нече тармак боюнча кызматташат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А. Нагорновду кабыл алды.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана туризм багытында кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.

Облус башчысы Жамалдинов Ош облусунун экономикалык жана туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, тоо туризми үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Өз кезегинде Алтай өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Нагорнов Ош облусу менен айыл чарба багытында да кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий