• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ош облусуна 6 айда 413,6 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине 413,6 млн сом каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар:

  • Теңдөөчү трансферттер – 388,6 млн сомго каржыланган;
  • КР бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 15,5 млн сом каржыланган;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,6 млн сомго каржыланган;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 9,4 млн сомго каржыланган;
  • 2018-2025-жылдарга КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Ош облусуна 56,4 млн сом бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий