• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош облусунда 1,5 миңдей муктаж үй-бүлөлөргө жардам таратылды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ош облусунда 1,5 миңдей муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыгы таратылды. Бул тууралуу "Ыйман" фондунан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Сауд Аравия Королдугунан келген Король Салман гуманитардык жардам фонду менен биргеликте уюштурулду.

"Өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк себеттерин таратуу боюнча масштабдуу кайрымдуулук акциясы уланууда. Бүгүн Ош облусуна жетип, 1500дөй үй-бүлөгө жардам берилди. Азык-түлүк себеттери буга чейин Бишкек, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарына таратылган. Бөлүштүрүлгөн азык-түлүк себеттеринин жалпы салмагы 269 424 кг, бул 269,4 тоннага барабар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий