• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда 20-январдан тарта мектептер кадимки тартипте иштей баштайт

Аймак 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 20-январынан тарта мектептер кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда 264 мектеп реалдуу режимде, 281 мектеп алгоритм аркылуу, экөө онлайн режиминде окутулууда.

"20-январдан тарта бардык мектептер реалдуу режимде иштей баштайт деп пландалууда. Имарттар дезинфекциялоодон өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Ош облусу боюнча 547 жалпы билим берүүчү мектеп иштеп жатат .Облус боюнча жалпы 249 миң 932 окуучу билим алса, 188 миң 63 мугалим эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий