• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Ош облусунда адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо үчүн 11 блок-пост коюлду

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Белгилей кетсек, 12нен 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар бир адамды өлтүрүп, экинчисинин денесине оор залал келтиришкен. Андан соң кол салгандар унаа менен качып кетишкен.

Облустук милиция жетекчилиги тарабынан 14-январда саат 08:00дөн тарта Ош облусуна караштуу Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун аймагында "Сирена" жана "Чагылган" атайын ыкчам операциялары жарыяланган.

Атайын операциянын алкагында Ош облусунун аймагында 11 блок-пост коюлуп, 135 милиция кызматкери тартылган. 14нөн 15-январга караган түнү милицияга УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 14 жаран алып келинип, алар менен алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда оор кылмыштын бетип ачууга багытталган комплекстүү иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза таап, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл Кадыр Досонов (каймана аты Женго) кармалып, көп өтпөй укук коргоо органдары аталган кылмышка шектүү делген дагы төрт адамды кармады.

Пикир

Оставить комментарий