• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош облусунда диний окуу жайларда көзөмөлдөө күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ош облусунда диний окуу жайлардын директорлоруна чукул жыйын өткөрүлүп, анда Ноокат районундагы медреседе болгон каргашалуу окуяга байланыштуу диний окуу жайларла мыйзамдардын талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү маселелери талкууланды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, жыйынга УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Ош ОИИБи жана Ош облустук казыятынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынга келген облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан сырткаркы убактарында көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, имараттарга видео байкоо камераларын орнотуу керектиги айтылды.

Ошондой эле, жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг жүргүзүлөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий