Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 24-майда саат 10:40та Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Арча-Булак, Талды-Суу айылдарында - 3,5 балл, Сары-Таш айылында - 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Кара-Бак айылында - 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий