• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 5-январда саат 17:33тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Ак-Терек, Ничке-Сай, Зергер, Саламалик, Эркин-Тоо айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий