• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Бүгүн саат 15:18де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Куршаб айылынан түндүк-батышка карай 2 чакырым, Правда айылынан чыгышка карай 5 чакырым, Мырза-Арык айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу конуштарда - Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий