Ош облусунда көмүрдүн баасы көзөмөлдөнүүдө – өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин буйругунун негизинде көмүрдүн баасын көзөмөлдөө максатында текшерүү жүргүзүлдү.

Рейдке президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы жана башка тиешелүү кызматтар катышты.

Рейддин жүрүшүндө ортомчулар аркылуу сатылып жаткан көмүрдүн баасы 7-8 сомго жогорулап кеткени аныкталды. Аталган сатуучуларга көмүрдүн баасын негизсиз кымбат сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 61 көмүр базасы түзүлгөн, анда көмүр ортомчуларсыз 5 сомго чейинки баада сатылууда.

Ош облусунун тургундары жашаган жериңиздеги айыл өкмөт кызматкерлерине кайрылып, социалдык көмүр базалары тууралуу кененирээк маалымат алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий