Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ош облусунда күз-кыш мезгилине 186 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.
"Ош облусунда 600дөн ашык отказан болсо, бүгүнкү алардын 90%дан ашыгында оңдоо иштери аяктады. Жалпы облуска 186 миң тонна көмүр керектелет. Учурда 87 түйүндө көмүр сатылып жатат. Көмүрдүн баасына көңүл бурулуп жатат. Анын баасы боюнча эч кандай маселе жок", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий