Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда саат 19:00дө алдын ала маалымат боюнча катуу жаан жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 647-чакырымында Отуз-Адыр каналынын суусу жээктен ашып, жолду каптаган,
Окуя болгон жерде ведомствонун облустук башкармалыгынын, райондук бөлүм башчысы иштеп жатат, жолду тазалоого 2 жүктөгүч жана манипулятор жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий