• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Ош облусунда кырдаалдык борбордун жаңы имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Ош облусунда милиция кызматкерлерине тиешелүү кырдаалдык борбордун имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков жана башка коноктор катышты.

Аталган имарат кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ишке берилди. Кырдаалдык борбордо түштүк аймагындагы жалпы тартипте көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүп, криминогендик абалдан баштап, коомдук айыл-шаарлардагы көчөлөргө чейин баары көзөмөлгө алынат.

Иш-чаранын соңунда, облус жетекчиси, министр жана катышуучулар жаңы ачылган имараттардын ичине кирип, милиция кызматкерлерине түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий