• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош облусунда кышка даярдык иштери 100% аяктады

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Кечээ, 14-ноябрда Ош облусунун 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери жана облустук тиешелүү тармактын жетекчилери катышты.

Иш-чарада кышка даярдык, көмүрдүн баасы, социалдык мекемелердин даярдыгы, жылуулук менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат берди.

Ошондой эле бүгүнкү күнү Ош облусунда кышка даярдык жумуштары 100% аяктап, мектеп жана бала бакчаларга жылуулук берилгени, облус аймагында 60тан ашуун социалдык көмүр базалары ачылганы айтылды.

Ош облусунун башчысы көмүрдүн баасын арзандатуу, аймактарда ачылган социалдык көмүр базаларын ачуу жана жарандардын арзан баада көмүр алуусуна шарт түзүү, социалдык мекемелерди сапаттуу көмүр менен камсыздоо, кыш мезгилинде жол тейлөө мекемелеринин өз убагында жолдорду тазалап туруу тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий