• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ош облусунда мал базарлар июнь айынан баштап ачылары күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда мал базарлар июнь айынан баштап ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунун аймагындагы мал базарлар карантиндик-санитардык, ветеринардык талаптарды сактаганда гана ачылат.

"Атайын комиссия түзүлгөн. Алар талаптар аткарыла тургандыгын көзөмөлдөп, мал базарлар ачыла тургандыгын айтат. Эгер талаптарга жооп берсе июнь айынан баштап мал базарлар иштеп баштайт деп үмүттөнүп жатабыз. Мал базарлардын администрациялары бул боюнча иштерди алып барууда. Ачыла турган болсо базарлар ишемби, жекшемби күндөрү гана иштейт. Мал базардын кире беришинде мурункудай эл топтолбошу керек жана малдар бир иретке коюлуп сатылышы керектелет", - дейт ал.

Жылкыбаев өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдеринде жарандар мобилдик тиркеме же мессенджерлер аркылуу малдарын сатып жатышканын айтат.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий