• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда окуучулар арасында “Жаш куткаруучу” сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондорунда окуучулар арасында "Жаш куткаруучу" аталышында мелдеш өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сынактын алкагында балдар куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү, өрт болгон учурда имараттан эвакуациялоо, ар кандай кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү багытында күч сынашты.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө ӨКМ жана Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү тарабынан атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий