• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Ош облусунда селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Ош облусунда селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кенемтелер Ош шаарында жана Кара-Суу районунда июль айында жүргөн селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине тапшырылды. Сел жүргөндө катталган 41 учурга жалпысынан 6 млн 632 миң сом төлөндү. Табигый кырсыкта 9 үй толугу менен жараксыз болуп калган. Ар бир үй үчүн кожоюндары 500 миң сомдон алышты.

Ош облусунун тургуну Акмат Саркаров эми алган каражатына жаңы үйдү тургузарын айтты.

“Мен өз убагында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна болгону 600 сомго үйүмдү камсыздандырганмын. Азыр колума 500 миң сом тийди, эми жаңы үй сала баштасам болот. Кызматкерлер мени бүт процессте коштоп жүрүштү жана кандай документтерди алып келишим керектигин айтышты. Мен бардык жарандарды турак жайын камсыздандыруудан өткөрүүгө чакырам, анткени кырсык эскертүүсүз келет”, - деди ал.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан белгилешкендей, жыл башынан бери өлкө боюнча 182 турак жай өрттөн жана табигый кырсыктан жабыркагандыктан, аларга 22 млн 165 миң 726 сом төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий