• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош облусунда өз өмүрүн тобокелге салып көмүр казган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Ош облусунда милиция тарабынан өз өмүрүн тобокелге салып көмүр казган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында жайгашкан тоо-кен, көмүр жана башка кен байлыктарды иштеткен жерлерде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өмүрүн жана ден соолугун тобокелдикке салуу менен көмүр кенин казгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындай иш-чаралар Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Ак-Терек айылында жайгашкан ОАО «Жазы Торгой» көмүр кенинде, Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кара-Дөбө жайлоосундагы көмүр казуучу кенинде, Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагынын Жатан айылында жайгашкан көмүр кенинде, Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айыл аймагында болду.

Көмүр кендеринде иштеп жаткан жана өз алдынча кен казып иштеген атуулдар арасында коопсуздук эрежелерин сактоо менен бирге мыйзамсыз казып алуу иштерин жүргүзбөө боюнча алдын алуу, түшүндүрүү жана эскертүү иш аракеттери учурда да улантылып жатат.

Түшүндүрүү иштери ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жол бербөө максатында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий