• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ош облусунда Өзбекстанга өтүүчү жер алдындагы өтмөк табылды (видео)

Аймак 0


Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Ош облусунда Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүчү жер астындагы өтмөк табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өтмөк чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган. Түштүк Фергана каналынын астынан өтүп, Өзбекстан Республикасынын айылдарынын бирине киргени аныкталган.

Шаты менен жабдылган өтмөктүн бийиктиги 1,5 метр, туурасы 80 сантиметрге чейин, алдын ала маалыматтар боюнча, узундугу 200 метрге чейин жетет.

Бул факты боюнча КР Чек ара кызматы жана УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий