• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда жалпы 342 үйгө сел суулары кирген

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Ош облусундагы селдин кесепеттери боюнча саат 00:00 карата жалпы маалымат менен бөлүштү.

Анын маалыматына ылайык:

– Кыргыз-Чек айылында – 95 үйгө сел кирген, 10 унаа жеңил жабыркап, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлгөн, 2 оор техника тартылды. Социалдык объектилерден 1 мектеп жана 1 ооруканага сел суулары кирген. ЖК тарабынан 70 дөн ашык адам жумушка тартылды.

– Асан-Чек айылында – 82 үйдү сел каптап, 1 үй авариялык абалга келип, 2 үйдүн сарайы кулаган. 1 мектеп жана 1 музейге сел суулары кирген. ЖК тарабынан 60 адам жумушка тартылды.

– Достук айылы – 85 үйгө суу кирип, 2 унаа жеңил жабыркаган, 1 үйдүн ашканасы көчүп түшүп, 10 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирган. 2 оор техника жана ЖК тарабынан 60дөн ашуун жумушчу ишке тартылды.

– Майды айылы – 60 үйгө сел кирген, 2 оор техника жабыркады, 5 га айдоо аянты, 2 оор техника, 2 жеңил машина жабыркады. ЖК тарабынан 40дөн ашык адам жумушка тартылды.

– Социализм айылы – 15 үйгө сел кирди. ЖК тарабынан 30 дөн ашык адам жумушка тартылды.

– Датка айыл аймагынын Фуркат айылында – 5 үйдүн короосуна, 1 оорукана, 1 балабакча, 1 мектепке сел суулары кирген.

– Маданият айылында – 20 га айдоо аянт, 1 көпүрө жабыркады, 1 эксковатор ЖК тарабынан тартылды.

Ошентип, жалпысынан 342 үйгө сел суулары кирген. ЖК тарабынан 260 адам тартылды.

Жабыркаган автоунаалар жалпы саны 16.

Айдоо аянты жалпы 25 га.

Ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча:

Башбулак а/а:

– Торгой булак айылынан 5 кой.

Мады а/а:

– Достук айылынан1 кой.

– Кыргыз-Чек айылында 4 кой.

Жалпы: 10 кой селге аккан.

Борбордук апараттан 3 куткаруучу, Ош облустук башкармалыгынан 8 куткаруучу, ККББнана 4 куткаруучу, Мониторниг депортаменттен 6 куткаруучу, ДПЛПЧС 6 куткаруучу;

– Кара-Суу өрткө каршы бөлүмүнөн 27 куткаруучу Торгой булак, Ачы айылдарында тазалоо иштерин жүргүзүүнү баштады;

– Араван ортко каршу куткаруу болгунун 13 куткаруучусу Беш-Мойнок айылында куткаруу иштерин баштады;

– Республикалык озунчо куткаруу отрядынын 20 куткаруучусу Кыргыз чек айылында тазалоо иштерин баштады;

– Республикалык өзүнчө куткаруу отряды 60 куткаруучусу Асанчек айылында куткаруу иштерин баштады;

– Республикалык өзүнчө куткаруу отряды 3- Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 20 куткаруучусу Асанчек айылында, 20 куткаруучусу Кыргыз-Чек айылында куткаруу иштерин баштады;

– Райондук Курманжан Датка атындагы больницаны тазалоо иштерине 30 кутуаруучу аткарууга киришти.

– Өзөн ОЧС 11 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.

– Ноокат ОЧС 10 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.

– Алай ОЧС 11 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.

– Кара-Кулжа ОЧС 10 куткаруучу Баш-Булак а/ө Торгой-Булак айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.

Жалал-Абад облусу

Башкармалыктан подполковник Шекегов Ч. башчылыгында 50 куткаруучу Кыргыз-Чек айылына үйлөрдү тазалоого тартылды.

Чоң-Алай районунан капитан Мурзабековдун башкармалыгында 14 куткаруучу.

ӨКМден жалпы 323 оздук курам тартылды.

Саат 24:00гө карата тартылган техникалар;

- ӨКМден жалпы 22 атайын техника жана 11 инжинердик техника тартылды. 1 атайын техника Беш-Мойнок айылына жана 5 атайын техника Торгой-Булак айылына;

Мындан сырткары, 16 мотопомпа жана 3 өрт өчүрүү техникалары тазалоо иштерин аткарууга тартылган.

Пикир

Оставить комментарий