Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Ош облусунда жер титирөө катталды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 15-сентябрь күнү саат 00:26да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Нура, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий