Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Ош облусунда жер титиреди, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 15-декабрда болжол менен саат 07:39да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий