• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-май күнү саат 18:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек, Кулчу, Чак, Жар-Башы айылдарында - 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий