• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ош облусунда жыл башынан бери 119 жаңы ишкана ачылды - Элчибек Жантаев

Аймак 0

Бишкек, 23.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Ош облусунда жыл башынан бери 119 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы облус аймагында 17,4 млрд сомдук товар өндүрүлүп, өнөр жай продукциясынын физикалык индекси 105,9 пайызды түздү.

“119 жаңы ишкана ачуу менен мында түз инвестициянын көлөмү 2,5 млрд сомго жетти. Мамлекеттик бюджетти 4,2 млрд сомго аткаруу тапшырмасы коюлса, иш жүзүндө 4,5 млрд сомго же 101,1 пайызга аткарылды”, - деди Жантаев.

Өкүл белгилегендей, аталган ишканалардын ичинен эң маанилүүсү катары “ЕврАзия Групп” индустриалдык-логистикалык борбору эсептелет.

“Аталган борбор президенттин катышуусунда ноябрь айында Кара-Суу районунун аймагында ачылган. Борбордо токулма кездеме, кийим чыгаруучу жана жип ийрүүчү фабрикалар жайгашкан. Биринчи этабында 600 жумушчу орун түзүлдү, алдыда экинчи, үчүнчү этабында өнүдүрүштө 2 миңге жакын жаранга жумуш ордун камсыздоо пландалууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 4 этап менен 40 млн долларды түзмөкчү”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий