Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бүгүн 2024-жылы Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында жылдын мыктылары аныкталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, калктын жашоо-шарттарын жакшыртууга, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошкон айыл аймактар, мекеме-ишканалар сыйланды.
1. "Жылдын мыкты айыл өкмөт-2024" сыйлыгы менен Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагы;
2. "Жылдын мыкты айыл өкмөтү-2024" сыйлыгы менен Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагы;
3. "Жылдын мыкты мекемеси-2024" сыйлыгы менен С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры;
4. "Жылдын мыкты ишканасы-2024" сыйлыгы менен Ош электр тармактар ишканасы;
5. "Жылдын мыкты ишканасы-2024" сылыгы менен "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧКсы;
Ал эми Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы жана Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл өкмөтү 2024-жыл ичинде ички инвестицияларды тартуу менен айылдык аймактын жол тармагын жакшыртууда үлгүлүү иш алып баргандыгы жана калктын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды жараткандыгы үчүн “Алкыш” баракчасы менен сыйланышты.
Ошондой эле Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Т. Зулпуев, Н. Исанов айыл айыл аймактары жана Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү 2024-жыл ичинде айылдык аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу менен жылдын жыйынтыгында дотациядан чыккандыгы үчүн "Алкыш" барагы менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий