• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош облусунун 6 айылынын жашоочулары таза суу менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Ош облусунун Ак-Жай, Кичи-Каракол, Кыр-Кол айылдарында 3 424 жаран таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Жалпысынан 17 миң метрден ашык суу түтүктөрү орнотулуп, суу сактоочу жай, 2 даана суу резервуары жана хлоратр жайы курулуп, 32 кудук орнотулду.

Ошондой эле Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Боз-Караган айылдарында да курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Жалпысынан 20 миң 175 м ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, 37 кудук, суу резервуар, хлоратр жайы жана суу сактоочу жай курулду.

Пикир

Оставить комментарий